ПОЛИТИКА ВОЗВРАТА ДЕНЕЖНЫХ СРЕДСТВ ОсОО "Викториус" [RU]
Настоящая Политика определяет порядок и условия возврата денежных средств за услуги, предоставляемые ОсОО «Викториус» через сайт https://victoriusrent.kg/.

1. Общие положения

Оплачивая услуги ОсОО «Викториус», клиент подтверждает, что ознакомился с настоящей Политикой возврата денежных средств и принимает её условия.

Условия возврата могут зависеть от вида заказанной услуги, сроков отмены заказа и фактических расходов, понесённых ОсОО «Викториус» при оказании или организации услуги.

2. Услуги по аренде недвижимости

При отмене бронирования или отказе от аренды условия возврата определяются условиями конкретного бронирования.

Если для организации бронирования были понесены расходы или внесённая сумма была передана собственнику объекта, гостинице, арендодателю либо другому поставщику услуги, сумма возврата может быть уменьшена на размер фактически понесённых расходов или удержаний, предусмотренных условиями бронирования.

3. Трансфер и аренда автомобиля с водителем

При отмене заказа клиентом возврат денежных средств осуществляется с учётом времени, оставшегося до начала оказания услуги, и фактически понесённых расходов.

Если услуга уже начата или водитель прибыл в согласованное место подачи, стоимость услуги может не возвращаться, если иное не предусмотрено условиями конкретного заказа.

4. Бронирование отелей и ресторанов

Возврат денежных средств за бронирование осуществляется в соответствии с условиями отмены конкретного отеля, ресторана или другого поставщика услуги.

Если поставщик не предусматривает возврат денежных средств, ОсОО «Викториус» вправе удержать соответствующую сумму, фактически уплаченную поставщику.

5. Персональное сопровождение

При отмене услуги персонального сопровождения возврат осуществляется с учётом фактически оказанных услуг и расходов, понесённых ОсОО «Викториус» для организации сопровождения.

За уже оказанные услуги возврат денежных средств не производится.

6. Порядок оформления возврата

Для оформления возврата клиент должен обратиться в ОсОО «Викториус» по следующим контактным данным:

Email: victoriusrent@gmail.com
Телефоны: +996 555 163 631, +996 226 113 600

В обращении необходимо указать:

- имя клиента;
- номер телефона;
- сведения о заказе или услуге;
- дату оплаты;
- сумму оплаты;
- причину обращения за возвратом.

При необходимости могут быть запрошены документы или иная информация, подтверждающая оплату.

7. Срок рассмотрения обращения

Заявление на возврат рассматривается ОсОО «Викториус» в разумный срок после получения всей необходимой информации.

После принятия решения о возврате денежных средств они перечисляются тем же способом, которым была произведена оплата, если иной способ не согласован сторонами и не противоречит законодательству Кыргызской Республики.

Фактический срок зачисления денежных средств зависит от банка или платёжной системы.

8. Случаи, когда возврат может быть ограничен

Возврат может быть ограничен или невозможен в случаях, когда:

- услуга уже была полностью оказана;
- клиент отказался от услуги после начала её оказания;
- поставщиком услуги предусмотрены невозвратные условия;
- денежные средства были фактически перечислены третьему лицу и не подлежат возврату;
- возврат невозможен в связи с условиями конкретного бронирования;
- иные ограничения предусмотрены законодательством Кыргызской Республики или условиями заключённого с клиентом договора.

9. Возврат при отмене услуги ОсОО «Викториус»

Если ОсОО «Викториус» не может предоставить оплаченную услугу по своей вине и предложенная замена не устраивает клиента, вопрос о возврате денежных средств рассматривается индивидуально с учётом характера услуги, произведённых расходов и требований законодательства Кыргызской Республики.

10. Контактная информация

ОсОО «Викториус»
Адрес: г. Бишкек, Первомайский район, ул. Московская 163, оф. 8
Email: victoriusrent@gmail.com
Телефоны: +996 555 163 631, +996 226 113 600
Сайт: https://victoriusrent.kg/
АКЧА КАРАЖАТТАРЫН КАЙТАРЫП БЕРҮҮ САЯСАТЫ
«Викториус» ЖЧК [KG]
Бул Саясат https://victoriusrent.kg/ сайты аркылуу «Викториус» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн төлөнгөн акча каражаттарын кайтарып берүү тартибин жана шарттарын аныктайт.

1. Жалпы жоболор

«Викториус» ЖЧКсынын кызматтарына төлөм жүргүзүү менен кардар ушул Акча каражаттарын кайтарып берүү саясаты менен таанышканын жана анын шарттарын кабыл алганын ырастайт.

Кайтарып берүүнүн шарттары заказ кылынган кызматтын түрүнө, заказды жокко чыгаруу мөөнөтүнө жана кызматты көрсөтүүдө же уюштурууда «Викториус» ЖЧКсы тарабынан иш жүзүндө кеткен чыгымдарга жараша аныкталышы мүмкүн.

2. Кыймылсыз мүлктү ижарага алуу кызматтары

Брондоону жокко чыгарууда же ижарадан баш тартууда акча каражаттарын кайтарып берүү шарттары конкреттүү брондоонун шарттарына ылайык аныкталат.

Эгер брондоону уюштуруу үчүн чыгымдар кеткен болсо же төлөнгөн сумма объекттин ээсине, мейманканага, ижара берүүчүгө же башка кызмат көрсөтүүчүгө өткөрүлүп берилген болсо, кайтарыла турган сумма иш жүзүндө кеткен чыгымдардын же брондоонун шарттарында каралган кармоолордун өлчөмүнө азайтылышы мүмкүн.

3. Трансфер жана айдоочусу менен унаа ижаралоо

Кардар заказды жокко чыгарган учурда акча каражаттарын кайтарып берүү кызмат көрсөтүлө баштаганга чейинки калган убакытты жана иш жүзүндө кеткен чыгымдарды эске алуу менен жүргүзүлөт.

Эгер кызмат көрсөтүлө баштаган болсо же айдоочу макулдашылган жерге келип калган болсо, конкреттүү заказдын шарттарында башкача каралбаса, кызматтын наркы кайтарылбашы мүмкүн.

4. Мейманканаларды жана ресторандарды брондоо

Брондоо үчүн төлөнгөн акча каражаттарын кайтарып берүү конкреттүү мейманкананын, ресторандын же башка кызмат көрсөтүүчүнүн жокко чыгаруу шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

Эгер кызмат көрсөтүүчү тарабынан акча каражаттарын кайтарып берүү каралбаса, «Викториус» ЖЧКсы кызмат көрсөтүүчүгө иш жүзүндө төлөнгөн тиешелүү сумманы кармап калууга укуктуу.

5. Жеке коштоо кызматы

Жеке коштоо кызматын кардар тарабынан жокко чыгарууда акча каражаттарын кайтарып берүү иш жүзүндө көрсөтүлгөн кызматтарды жана коштоону уюштурууга кеткен чыгымдарды эске алуу менен жүргүзүлөт.

Буга чейин көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөнгөн акча каражаттары кайтарылбайт.

6. Акча каражаттарын кайтарып берүү үчүн кайрылуу тартиби

Акча каражаттарын кайтарып алуу үчүн кардар «Викториус» ЖЧКсына төмөнкү байланыш маалыматтары аркылуу кайрылууга тийиш:

Email: victoriusrent@gmail.com
Телефондор: +996 555 163 631, +996 226 113 600

Кайрылууда төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү зарыл:

- кардардын аты-жөнү;
- телефон номери;
- заказ же кызмат жөнүндө маалымат;
- төлөм жүргүзүлгөн дата;
- төлөмдүн суммасы;
- кайтарып берүүнүн себеби.

Зарыл болгон учурда төлөмдү тастыктаган документтер же башка маалыматтар суралышы мүмкүн.

7. Кайрылууну кароо мөөнөтү

Акча каражаттарын кайтарып берүү жөнүндө кайрылуу бардык зарыл маалыматтар алынгандан кийин «Викториус» ЖЧКсы тарабынан акылга сыярлык мөөнөттө каралат.

Кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин, акча каражаттары башка ыкма тараптар тарабынан макулдашылбаса жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбесе, төлөм жүргүзүлгөн ошол эле ыкма менен кайтарылат.

Акча каражаттарынын банкка же төлөм системасына түшүү мөөнөтү тиешелүү банктын же төлөм системасынын иштөө шарттарына жараша болот.

8. Кайтарып берүү чектелиши мүмкүн болгон учурлар

Акча каражаттарын кайтарып берүү төмөнкү учурларда чектелиши же мүмкүн болбой калышы мүмкүн:

- кызмат толугу менен көрсөтүлгөн болсо;
- кардар кызмат көрсөтүлө баштагандан кийин андан баш тартса;
- кызмат көрсөтүүчү кайтарылбай турган шарттарды белгилеген болсо;
- акча каражаттары үчүнчү жакка иш жүзүндө өткөрүлүп берилген жана кайтарууга жатпаса;
- конкреттүү брондоонун шарттарына ылайык кайтарып берүү мүмкүн болбосо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же кардар менен түзүлгөн келишимдин шарттарында башка чектөөлөр каралган болсо.

9. «Викториус» ЖЧКсы тарабынан кызмат жокко чыгарылган учурда

Эгер «Викториус» ЖЧКсы өзүнүн күнөөсү боюнча төлөнгөн кызматты көрсөтө албаса жана сунушталган алмаштыруучу кызмат кардарды канааттандырбаса, акча каражаттарын кайтарып берүү маселеси көрсөтүлө турган кызматтын мүнөзүн, иш жүзүндө кеткен чыгымдарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен өзүнчө каралат.

10. Байланыш маалыматтары

«Викториус» ЖЧК
Дареги: Бишкек шаары, Биринчи Май району, Московская көчөсү 163, 8-кеңсе
Email: victoriusrent@gmail.com
Телефондор: +996 555 163 631, +996 226 113 600
Сайт: https://victoriusrent.kg/
Made on
Tilda